Кыргызстанга чартердик каттамдар менен келген жарандардын
бешөөсүнөн COVID-19 инфекциясы табылды. Бул тууралуу 4-майдагы брифингде Саламаттыкты
сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура
Акматова билдирди.
“17-апрелден тарта 5 чартердик каттам келип, анда 1117 жараныбыз учуп келген. Алардын баарынан ПЧР тесттер алынып жалпы 5 адамдан коронавирус илдети табылып, алардын бирөөсү оорунун кесепетинен көз жумду. Учурда айрымдарынан экинчи ирет анализ кайталанып алынды, ал эми убактысы келе электерди өз учурунда анализдери кайталанып алынат”, - деди Акматова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн