Бүгүн, 22-сентябрда Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы “Ю.А. Гагарин” жана “Сумсар” жалпы орто билим берүүчү мектептерине, ошондой эле “Мамытбек Алымкулов” жана “Сумсар” балдар бакчаларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунун каржылык колдоосу менен алынган компьютердик жабдуулар жана интерактивдүү доскалар тапшырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев катышып, бүгүнкү келечек муун үчүн камкордук көрүү – бул мамлекетибиздин келечегине камкордук көрүү экендигин баса белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн