Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Чаткал районунун акими алмашты

26.05.2020 11:13
1144
Чаткал районунун акими алмашты


Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирген.  


Канжар Эшалиев өзү берген арыздын негизинде кызматынан кеткен. Ал районду 2013-жылдын июнь айынан бери жетектеп келаткан.


Анын ордуна  өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Чаткал райондук администрация башчысы болуп Жуманалы Накетаев дайындалган. Ал буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн