Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Токтогул райондорунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 6-чакырымында жана 4-9-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Окуя болгон жерге 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып унаа жол толук тазаланып ачылган.
Ошондой эле, Токтогул районунун Толук-Торкент унаа жолунун 67-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Техникалардын жардамында унаа жол толук тазаланып ачылган.
Көчкүлөрдөн жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн