Теке 03, 2024
Убакыт: 17:18
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Чаткалда 1,1 миң тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып кеткендер кармалды

01.07.2024 16:30
90
Чаткалда 1,1 миң тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып кеткендер кармалды


Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы "Сарай-Сай" кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө "Сарай-Сай" кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу, андан соң жалган документтер менен кийин Кара-Балта тоо-кен комбинатына сатуу максатында алып кирүү фактысын аныктады.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2024-жылдын 25-июнунда КР жарандары М.Д.З., М.А.Б. жана Ч.И.Б. кармалды.

Кармалгандар жасаган кылмыштарын мойнуна алып, 2024-жылдын 27-июнунда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөөсү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бүгүнкү күндө бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн