Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 15 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылынын Хасан-Сай суусуна 15 жаштагы өспүрүм түшүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн