Жетинин айы 10, 2025
Убакыт: 05:33
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.080
1.110

Чаткалда 9 млн сомго жаңы фельдшердик-акушердик пункт курулду

24.09.2025 13:55
224
Чаткалда 9 млн сомго жаңы фельдшердик-акушердик пункт курулду


Чаткал районунун Жер-Капчыгай айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 


Ачылыш аземине президенттин өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.


Курулуш иштрине бюджеттин эсебинен 9 млн 46 миң сом каражат бөлүнүп, заманбап талаптарга жооп берген медициналык мекеме толугу менен курулуп бүткөрүлдү. 


Жаңы ФАП Жер-Капчыгай айылында жашаган 900дөн ашуун тургунга ыкчам жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.


Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев айыл тургундарын жаңы саламаттык сактоо жайынын ачылышы менен куттуктап, ал мекеме аймак тургундарынын бакубат жашоосуна жана келечек муундун ден соолугун чыңдоого кызмат кылаарын белгиледи. Ошондой эле облус башчысы жаштарды өз саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн