Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда аймактын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери коронавирус илдетин жуктуруп алганын жергиликтүү басылмалар ишеничтүү булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Чаткал районунда инфекция 7 адамдан аныкталган. Ал эми башкы дарыгер учурда изолятордо дарыланып жатат.
Ошондой эле, район боюнча жалпы 120 адамдын ПЦР-анализи текшерүүгө жөнөтүлүп, алардын жыйынтыгын күтүп жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн