Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чаткалда тажыяга барган киши 13 адамга коронавирус жуктурган

07.05.2020 12:06
935
Чаткалда тажыяга барган киши 13 адамга коронавирус жуктурган


Жалал-Абад облусунун Чаткал районун жашоочулары коронавирус илдетин тажияга баргандардан жуктуруп алган. Бул тууралуу 7-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында, дартты жуктургандар менен байланышта болгондордун баары аныкталып, көзөмөлгө алынган.


“Чаткалдын жашоочуларына оору сырттан кирген. Тагыраагы, тажыяга баргандардан жуккан. Бишкектен дагы барышкан. Ошол жерге коронавирусу бар кишинин барып калышы оорунун жайылышына себеп болгон. 13 учур тең бир жерден болуп жатат”, — деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн