Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чаткалда маданият үйүнүн кызматкерлери 5,2 млн сомду мыйзамсыз пайдаланышкан

25.06.2024 16:32
582
Чаткалда маданият үйүнүн кызматкерлери 5,2 млн сомду мыйзамсыз пайдаланышкан


Чаткал райондук маданият үйүнүн кызматкерлери 5 мле 225 миң сомду мыйзамсыз пайдаланышкан. Бул туруалуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан маданият үйүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында кызмат адамдары тарабынан 5 млн 255 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу жана кызматтык автоунааны эсептик баасын төмөндөтүү жана документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары такталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана чогултулган материалдардын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") негизинде кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы директор Н.Ж.Н. жана башкы бухгалтер Б.А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн