Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чаткалда мыйзамсыз алтын казгандар аныкталды

22.05.2023 13:01
818
Чаткалда мыйзамсыз алтын казгандар аныкталды

Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан «Чаткал» токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары мыйзамдарды одоно бузгандыгы аныкталганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.


Чаткал районундагы «Каратөбө-Бузук» участогунан лицензияда көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна, 42,9 га жерди «Э» аттуу ЖЧК менен келишим түзүп, 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижарага беришкен. Ашыкча 18,83 га жер аянты ижарага берилген.


Мындан сырткары, аталган компания алтын кенин иштетүүдө лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 га жер тилкесине чыгып, мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келген.


Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 218-беренеси («Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш») менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн