Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чаткалдагы класстын урашы: Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектептерди текшерүүнү тапшырды

17.05.2022 21:18
422
Чаткалдагы класстын урашы: Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектептерди текшерүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түшкөндүгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү.


Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.


Отурумдун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн