Президент Садыр Жапаров кызматка жаңы киришкенде чыгарган беш жарлыгынын бири тоо-кен тармагына тийешелүү болгон. Анда пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде лицензиялык тескөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү жоболор жазылган.
Бирок биздин Чаткал жана Ала-Бука районундагы чачылма алтынды казуу жөнүндө иликтөө көрсөткөндөй лицензиялар колдон колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз. Токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан, айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегени ачыкка чыкты. Чаткалда чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын берилген жердин лицензиясынан ашып, көбү салык төлөбөгөнү билинди.
Андан тышкары, Суу кодекси суу коргоо зонасында өнөр жай ишканалардын иштөөсүнө тыюу салат. Бирок Чаткал дарыяларында чачыранды алтынды казып алуу дагы эле уланууда.
Ошол эле учурда Чаткалдын капчыгайларында Кызыл китепке кирген бак-дарактар аёосуз кыйылып жаткандыгы боюнча кабарлар тынымсыз түшүп турат. Чачылма алтын кендерин иштетүүдөн капчыгайлар гана эмес, ири дарыялардын бүтүндөй экосистемасы да жабыркап келет.
Алтын өндүрүүчү ишканалардын жаратылышка келтирген экологиялык зыяны менен катар дагы бир кеңири жайылган көйгөй – бул лицензиялык аянттарды бузуу фактылары. Мындай көрүнүштүн жайылганына бир чоң себеп бар. 2021-жылдын күзүндө геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги жаратылыш ресурстар министрлигине өткөрүлүп берилди. Ошентип, алтын казууга лицензия берүү жана алардын пайдаланылышын көзөмөлдөөнү бир мекеме өз колуна мыкчып алды. Бул түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышын шарттап, коррупцияга да жол ачууда.
Адил Турдукулов
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн