Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чайга чакырылбай... Оштун мэри депутаттар эмнеге ишеним көрсөтпөй жатканын түшүндүрдү

14.11.2023 17:40
323
Чайга чакырылбай... Оштун мэри депутаттар эмнеге ишеним көрсөтпөй жатканын түшүндүрдү


Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардык кеңештин депутаттарынын ага ишеним көрсөтпөө боюнча чечими боюнча Kaktus.media сайтына комментарий берди.


Депутаттардын айтымында, Бакытбек Жетигенов жетектеген мэрия шаардык кеңештин көпчүлүк токтомдорун аткарбай келген. Ошондой эле алар Оштун жетекчилиги шаардын ресурстарын сарамжалсыз бөлүштүрүп, муниципалдык менчикти натыйжасыз пайдаланып жатканын айтышкан. Депутаттар ошондой эле шаардык кызматтар тарабынан бизнеске кысым болуп жатканына нааразы болушкан.


Белгилей кетсек, кезексиз жыйынга мэр келбей калып, шаардык кеңештин сессиясында сөз сүйлөгүсү келген вице-мэр Сонунбек Жунусбаевди депутаттар сөзгө чыгарышпай коюшкан.


Жетигеновдун өзү да депутаттар анын отставкага кетүүсүнө аракет кылып, жеке кызыкчылыктарын көздөп жатышат деп эсептейт. Жетигеновдун айтымында, жергиликтүү депутаттар мэр аларга жетиштүү сый көрсөтпөй жатат дешүүдө.


"Мэрия шаардык кеңештин бардык токтомдорун мыйзам чегинде аткарып жатат. Чечимдердин 95%ы аткарылды. Менимче, мындай жол менен депутаттар өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп жатышат. Эки жумадай мурун менин шаардык кеңештин төрагасы менен жыйыным болгон. Ал депутаттар аларга болгон мамилесине нааразы экенин билдирген. Маселен, Шаар күнүндө чайга чакырылбаганына нааразы экенин айтты. Аларга көңүл бурулбай жатат деп эсептешүүдө. Чет элге болгон командировкаларда делегациянын курамына кирбей калганы аларга жакпай жатат. Мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшкө нааразы болгондор да бар. Буга чейин мэрия шаардагы мыйзамсыз объектилер боюнча маалыматтарды жарыялаган, алардын айрымдары шаардык кеңештин депутаттарына, жада калса Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү. Мен мэр катары мыйзам чегинде ишимди улантам. Мен мамлекет башчынын чечимин күтөм», - деди Жетигенов.


Эске сала кетсек, азыркы Конституцияга ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери президент тарабынан дайындалат жана бошотулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн