Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров 2021-жылкы Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, ал акыркы 15 жыл ичинде Чечен аймагында татаал кырдаалдарда тынчтыкты орнотууга жана сактоого кошкон зор салымы үчүн Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Маалыматты Эл аралык Нобель маалымат борборунун президенти Вячеслав Тютюнник тастыктады. Анын айтымында, Кадыров Норвегиянын өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн болушу мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн