Бугу 22, 2025
Убакыт: 10:35
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.090
1.120

Чеченстан Кыргызстанга 51 млн рублга гумжардам берди

03.08.2020 08:56
1461
Чеченстан Кыргызстанга 51 млн рублга гумжардам берди


Кечээ, 2-августта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чеченстан тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди.


Республикалык штабдын маалыматы боюнча, гуманитардык жардам кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт. 


Россиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары:
коргоочу кобинезондор - 24 100 даана;
үч кабаттуу бет кап - 24 729 даана;
полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5248 даана;
бет калкандар - 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар жиберилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн