COVID-19 коронавирустук инфекциясына байланыштуу оор кырдаал менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында Чеченстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт.
Мындай билдирүүнү Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго жолдогон.
Анда, максаттуу колдонулган алдын-алуу чараларынын негизинде Чеченстанда Кыргызстанга салыштырмалуу абал туруктуу экендиги айтылат. Ошондуктан алар Кыргызстанга колдоо көрсөтүү үчүн медициналык дары-дармектер жана коргоочу каражаттар жөнөткөн.
Пикирлер (1)