Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:13
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Азиз Батукаев менен кримчөйрөдөгү жаңжалдарга байланыштуу күч түзүмдөрү сүйлөшүү жүргүздү

14.05.2020 09:22
1161
Азиз Батукаев менен кримчөйрөдөгү жаңжалдарга байланыштуу  күч түзүмдөрү сүйлөшүү жүргүздү

 

Криминалдык дүйнөдө дагы бир крим төбөл Звиад Озмановдун тегерегинде болуп жаткан жаңжалдарга байланыштуу күч түзүмдөрү кримтөбөл Азиз Батукаев менен жолугуп, сүйлөшүп кайтышкан. Бул тууралуу Прайм Крайм" маалымат агенттиги кабарлаган.


Басылманын маалыматында Батукаев аны бул окуяга аралаштырбоону суранган, бирок ал мыйзамдын өкүлдөрүнө жооп берип, бул алардын иши эмес экенин айтып, андан кийин ал Башкириядагы №2 жаза өтөө абагына чалып, Звиад Озмановду өлтүрүп салууга чакырганы айтылат.


Маалыматка ылайык, ушул тапта №2 жаза өтөө абагында коопсуздуктун күчөтүлгөн чаралары кабыл алынды.


Чыр-чатак Звиад Озмановдун жаза колониясында “мыйзамдагы” ууру деп таанылбаганы үчүн чыккан. Акыркы жумада Озмановдун тарапташтары жана каршылаштары ортосундагы чатак уланууда. Кримдүйнөнүн башка өкүлдөрү жана Батукаев өз мөөнөтүн өтөгөн жана колония жетекчилери менен кызматташкан Озмановду ууру деп атоого болбойт деле, деп эсептешет.


"Прайм Краймдын” маалыматы боюнча, Азиз Батукаев ушул тапта Чеченстанда эркиндикте жүрөт.


Эске салсак, Азиз Батукаев Кыргызстанда жашап, ЖК депутатын, анын айдоочусун жана жардамчысын өлтүргөндүгү үчүн узак убакытка соттолгон. 2013-жылы аны өлүмгө алып келе турган оору менен ооруп жатат, деген медициналык корутундунун негизинде абактан бошотушкан. Коё берилген күнү эле ал чартердик каттам менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, крим төбөлдүн эркиндикке чыгышына өлкө бийлигинин биринчи адамдары экс-президент Алмазбек Атамбаев, вице-премьер-министр жана министр себеп болгон. Аларга учурда айып тагылып жатат. Ошондой эле соттук угуулар өтүүдө. Анда тергөө корутундусун жасалма чыгарган процесске катышкандардын көпчүлүгү өздөрүнүн күнөөсүн моюнга алган. Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевди качырууга катыштыгы бар экенин мойнуна албай жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн