Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Алар кыргыз-өзбек чек арасынын чечилиши боюнча тынчсыздануусун билдиришти.
"Урматтуу президент, кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди дедиңиз.
Ушундай болсо биз үчүн ыйык болгон Чечме айылындагы булак дагы Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөздөр чыгып жатат.
Биз сиздерден жооп күтөбүз. Чечме булагы тарыхый жактан дагы, факты менен дагы Кыргызстандын жери",- деди жергиликтүү тургун.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн