Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чехиялык компания 45 млн долларга Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курат

01.03.2023 10:35
223
Чехиялык компания 45 млн долларга Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы чехиялык компания курат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.


Анын айтымында, бүгүн, 1-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында чехиялык компаниянын алты кишиден турган делегациясы менен жолугушуу өттү.


"Аталган компания менен кечээ мэрияда жолугушуу болсо, бүгүн Акылбек Жапаров жолугушуу өткөрдү. Учурда ишкананын техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Ишкананын сметалык баасы 45 млн долларды түзөт", - деди ал.


Абдыкадыров чехиялык компанияга таштанды маселеси 15 жылга берилип жатканын айтып, бул убакытта алар салган акчасын актай аларын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн