Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 06:16
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Чек ара: Эки облус башчысы сүйлөшүүдө

13.04.2022 08:38
640
Чек ара: Эки облус башчысы сүйлөшүүдө

Кыргыз - тажик чек арасында эки тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө, - деп билдирет президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу саат 03:00дө башталып, анда КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевдер баштаган облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, Тажикстан мамлекетинин чек ара кызматынын башчысы жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышып жатат.


Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө соузулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн