Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чек ара: Кыргыз делегациясы Душанбеге сүйлөшүүлөр үчүн кетти

10.10.2022 20:24
362
Чек ара: Кыргыз делегациясы Душанбеге сүйлөшүүлөр үчүн кетти

Кыргызстандын делегациясы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдирди.


Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча мамлекеттик комиссиялардын жыйыны бүгүнкүгө пландалган болчу. Жумушчу топту кыргыз тараптан министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектеп, Душанбеге учуп кетишти.

"Тажик тарап биздин шарттарга макул болбосо, жөн эле убакыт кетирип ары-бери каттай беришпесин деп жумушчу топту жөнөтпөй эле коёюн дегем. Бирок алар биз коюп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүгө "макулбуз, жөнөтүңүз чечели" дегенинен жибердим. Алар төрт күн болушат, сүйлөшүүнүн жыйынтыгын көрөбүз. Мени дагы чакырышкан, бирок барбай бүгүн парламентке келдим", — деди Ташиев.


Ошондой эле ал тажик тарапка Баткен облусунун Сүлүктү шаары жана Кулунду айылы тууралуу өзүнүн (Кыргызстандын - ред.) шарттарын коюп жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн