Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтоду. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" кызматы Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевге таянып билдирди.
Маалым болгондой, азыркы учурда Баткен облусунун жана Согди облусунун башчысы сүйлөшүү өткөргөн. Анда чек арадагы абал талкууланып, ок атууну токтотуу макулдашылган.
Ошондой эле, Баткен облусунун Чек ара кызматынын бөлүм башчысы тажик кесиптеши менен ок атышуунун себептерин талкуулады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн