Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Чек ара: Паскы-Арык тилкесинде ок атышуу токтоду

14.09.2022 16:41
871
Чек ара: Паскы-Арык тилкесинде ок атышуу токтоду

Бүгүн, 14-сентябрда саат 16:00дө кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.


Маалыматка ылайык, саат 16:00гө карата Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.


        “Самаркандек” чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык жерлигинде ок атышуу токтоду.    

        Эрте мененки саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда.   


        Ошентип, саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган. 

        Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.


        Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланары күтүлүүдө.

        Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн