Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чек ара: Тажик жарандары тарабынан башталган курулуш иштери токтотулду

01.12.2021 07:11
3491
Чек ара: Тажик жарандары тарабынан башталган курулуш иштери токтотулду

Тажикстан такталбаган кыргыз-тажик чек ара аймагындагы курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-ноябрда болжол менен саат 13:00дөр чамасында Лейлек районунун Майты жерлигинде мурдагы макулдашууларга карабастан Тажик Республикасы тараптан, тажик жарандары макулдашылбаган аймакта иш жүргүзгөн.


Алар Сүлүктү-Пролетарск темир жолун демонтаждоо боюнча бир тараптуу түрдө иштерди жүргүзүп баштаганда токтотулду. Бул иштер боюнча 26-ноябрда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сүйлөшүүлөр жүрүп, ушул жумада эки тараптын район жетекчилеринин жолугушуусу пландалган болчу.


Ошондой эле бүгүн саат 12:10 чамасында Лейлек районунун Максат - Арка жолунун жээгинд Тажикстандын 30-35 жараны тосмо (забор) куруу максатында жер тегиздөө иштерин жүргүзүп баштаган.


Жогорудагы окуялар боюнча КР Баткен жана ТР Согди облустар боюнча чек ара өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү жүргүзүлүп, КР Лейлек жана ТР Ганчи аймактары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү.


Жыйынтыгында Тажикстан тарабынан башталган иштер токтотулду.


Ошондой эле буга чейинки макулдашууга карабастан Тажикстандын Сомониён айылында токтоп турган курулуш иштери жанданып, эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин иштер токтотулду.


КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө эки облустун жетекчилери жакынкы күндөрү жолугушуу уюштуруусун макулдашышты.


Учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында абал тынч.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн