Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чек ара: Жабыркаган 198 адамдын 137си ооруканада дарыланууда

21.09.2022 13:54
315
Чек ара: Жабыркаган 198 адамдын 137си ооруканада дарыланууда

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.


"2022-жылдын 21-сентябрында саат 11:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылгандардын жалпы саны 198 адамды түзсө, анын ичинен 61 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн" - бул тууралуу Баткен облусунун саламаттыкты сактоо тармагы боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков маалымдады.


Учурда 137 адам ооруканада дарылануусун улантууда.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.


Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.


Медицина кызматкерлери, ушул оор күндөрдө жардам берген кесиптештерибиз Бишкекке, Ошко, Жалал-Абадга кайтып келишүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкектен 7 дарыгер Лейлек ЦОВПда калып, калган 30 дарыгер Бишкекке кайтып келишти.


Баткен облустук ооруканасында 21 дарыгер жардам көрсөтүүдө.


Калкка психологиялык жардамды Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Гүласыл Сутуева баштаган 22 адис көрсөтүүдө. Ал эми кризистик борборлордон 4 психолог иш алып барууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн