Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек ара: Жабыркагандар жок, сүйлөшүүлөр уланууда, абал курч бойдон калууда

14.06.2022 14:02
1160
Чек ара: Жабыркагандар жок, сүйлөшүүлөр уланууда, абал курч бойдон калууда

Бүгүн, 14-июнь саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.



Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле жолугушууда эки Өлкөнүн чектеш облустарынын күч структуралырынын жетекчилери да катышууда.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын "Булак-Башы" жана Тажикстандын "Кех" чек ара постторунун ортосунда ок атышуунун келип чыккан себебин талкуулашууда. 


Сүйлөшүүлөрдүн биринчи эле жыйынтыгы болуп тарамдардын ок атууга ээлеген позицияларынан алуу болду. 


2022-жылдын 14-июну саат 13.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп бааланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн