Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:30
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Чек арадагы кызматкерлерге жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмалар берилди

30.06.2021 11:26
697
Чек арадагы кызматкерлерге жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмалар берилди

Чек ара аймактарында  кызматкерлердин  кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекем сактоолору боюнча нускамалар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.


 Милиция кызматкерлеринин тартибин бекемдеп,  алардын кызматтык милдеттерин жакшыртып, мыйзамдуулукту бекем сактап, жаңылантып тууруда ар бир жетекчилердин кошкон салымдары зор. 


Ар бир жетекчи өздүк курамдын жетектөө менен бирге алардын жөндөмдүүлүгүнө, кызматтык тартибине, мыйзамдуулукту бузбоого жана алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, аткарууда кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар”  атайын багыттагы полкунун командири  милициянын полковниги А.Султаналиев полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын өздүк курамын жеринде кызмат өтөөсүн көзөмөлдөө үчүн иш-сапарда жүрөт. Иш сапардын негизги максаты кызматкерлерди моралдык-психологиялык жактан тарбиялоо, колдоо, ишмердүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле турмуш-тиричилик шартын изилдеп кызматкерлер арасында кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту жана өздүк курамдын негизги багыты күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртуу, чек ара аймактарында кыраакылыгын жогорулатуу. 


Эскерте кетсек,  полктун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын өздүк курамы Тажикста́н менен чектешкен Ак-Сай айылында күнү-түнү кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сакталышын көзөмөлдөшүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн