Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 04:41
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Чек ара боюнча бири бирине болгон нааразычылыктар көптөн бери чогулуп келген, - Шерадил Бактыгулов

30.04.2021 09:00
693
Чек ара боюнча бири бирине болгон нааразычылыктар көптөн бери чогулуп келген, - Шерадил Бактыгулов

Март айынын соңунда башталган кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана деморкациялоону аягына чыгаруу процессин улуттук жана чет элдик эксперттер президент Садыр Жапаровдун командасынын маанилүү жетишкендиктери деп санап жатышкан.

Ошондой эле, көп жылдан бери улам артка калтырылып, бирок жыл сайын чек ара аймактарында жашаган тургундардын чыр чатактары орун алып турган, суу жана башка кен байлыктары бар талаштуу участкалар боюнча чечимдер кабыл алынган.   

Эмне үчүн мындай абал кайталанып жатат жана эмнеге чек ара маселелерин чечүү кечеңдеп жатат? Бул суроолорго эксперт Шерадил Бактыгулов жооп берет.

- Чек ара тууралуу айта турган болсок, Совет доорунда союздун социалисттик республикалары ортосунда укуктук бекемдөө болгон эмес. Чарбалык гана чек аралар болчу. Ал учурда Орто Азия региону бирдиктүү экономикалык зона катары каралган чоң аймак болгон. СССР тарагандан кийин союздук республикалар аралык чек аралар чарбалык гана мааниге ээ болуп, укуктук тескөө болгон эмес.

Бул чарбалык чек аралар мурда жазылганда шарттуу түрдө гана мүнөздөлүп жазылган. Ар кайсы комиссия ар кандай чек араны мүнөздөгөн учурлар болгон. Айтак, негизги таяна турган ордун жазышат, ал эми ошол линиянын ортосунан кантип өтсө болот – аныкталбай калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө бири бирибизге болгон нааразычылыктар көптөн бери чогулуп калган. Чек аралар такталып жазылбай калган учурда дайыма улуттар аралык нааразычылыктар жана чек ара конфликтери чыгып турат. Булар жер, суу, жайлоо, эгин айдоо жана курулуш иштерине пайдалануу иштери менен байланыштуу.

Булак: vb.kg

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн