Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чек ара боюнча иштердин жалпы принциптери

20.04.2021 09:54
883
Чек ара боюнча иштердин жалпы принциптери


УКМКнын төрагасы, чек араны делимитациялоо комиссиясынын башчысы Камчыбек Ташиев талаштуу деген жерлердеги элдин бир катар өкүлдөрү менен жолугушканы түз эфирде көрсөтүлдү. Жыйынтыгында элдин талабы менен кайра Ташкентке барып айрым участокторду сүйлөшүп келгенге макул болду. Бирок Кемпирабаддын жерин толук алууга же ошол тууралуу маселе козгоого убада берген жок. 


Келишимди делегациянын башчысы катары Камчыбек Ташиев толугу менен өзү бузса да болот. Бирок бул жолго ал баргысы келбей турганы жолугушуунун жүрүшүндө көрүнүп калды. Экинчи жолун өткөн макалада айтканбыз - аны кыргыз парламенти четке какса болот. Азыркы бийлик үчүн эң ыңгайлуу варианты ушул. Андан башка сунуштар да актуалдуу бойдон турат. 


Эмнеси болсо да бул маселени артынан жоо кууп келаткансып шаштырбай кыргыз тараптын гана пайдасына чечиш керек экенин буга чейин генерал Исмаил Исаков да, андан бери Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев да айтып чыкты. Элде дагы стратегиялык жерлерди, эң негизгиси - Кыргызстандын өз жерин уттуруп жибербей, өжөрлүк менен айлап-жылдап созсо да кыргыздын пайдасына чечиш керек деген маанайдагылар көп. Кыргыз эли тирүү турганда андай маанай дайыма болот жана ал мамлекетибиздин негизи. 


Ушул жагынан алганда Камчыбек Ташиев жолугушуунун жүрүшүндө төрт чоң ката кетирди. Биринчиден, так далилин бербей туруп эч кимди эч качан чагымчыл деп атабаш керек. Анткени жерине күйгөн адам эч качан чагымчы болбойт жана эч качан өзүн антип эсептебейт. Тескерисинче, бул багытта пикирин айткысы келгендердин баарынын башын бириктире турган сөз айткан оң. Экинчиден телеге чыгып, видеого түшүп калган сөзүнөн танып кереги жок. Азыркы санарип технологияларынын доорунда мындай нерсе өтпөйт. Шибегени капка ката албайсың. Бул элдин ишеничин ого бетер кетирет. Үчүнчүдөн жана эң негизгиси - чек ара маселесин айтып чыккан адамдардын кимисинин болбосун иштин кызыкчылыгында айтылган сунушун жеке дымактын айынан сынга алган туура эмес. Анткени биз баарыбыз кыргыз тараптабыз. Алардын керектүүлөрүн изилдеп, алып, пайдаланыш керек. Керек болсо кеңешип, ишке тартыш керек. Бирок кайсынысын пайдаланаарын да айтууга болбойт. Мээсинде сактасын. Кайсы мекемени жетектеп жатканын эстесе эле эч кимге айткысы келбей калат. Төртүнчүдөн, өзү жүйөсүн келтирип жаткан аймактагылардын кызыкчылыгын бири-бирине карама-каршы коюп албаш үчүн, маселе чечилгиче ал тууралуу айтпашы керек эле. Анткени ар кимиси өз тарабында жерден утушка ээ болгусу келип жатып, жалпы, стратегиялык кызыкчылык эмнеде экени көз жаздымда калышы мүмкүн. Кээде бул атайын жасалат. Бирок жалпысынан утушка алып келбейт. 


Стратегиялык жактан башка жетишкендиктерди да жокко чыгарбай, Кемпирабад суу сактагычын да алып калуу максатка ылайык. Ал кошуналардын маанайына эмес, колдогу документтерге жараша болууга тийиш. Ушул жагдайдын эки варианты бар: 1) Кемпирабаддын астындагы жер биздики. Бул чындыкка жакыныраак. Анткени кошуна тарап деле буга каршы эч кандай жүйө келтире элек. Азырынча кыргыз тараптан ИЖАРАГА алынган жер тууралуу гана кеп болуп келатат. 2) Кемпирабаддын астындагы жери менен кошо кайсы бир советтик же кийинки жетекчинин тушунда өтүп кеткен же алмашылган. Андай болсо кыйыныраак. Бирок андай документ көрсөтүлө элек. Болсо кыргыз бийлиги небак эле жайып чыкмак. Мунун бир гана себеби болушу мүмкүн - эгерде Курманбек Бакиевдин тушунда өтүп кеткен болсо азыркы бийлик аны чын эле жашырат. Анткени азыркы жетекчилердин баары ошонун командасында болушкан. Башкасын аяп отурмак эмес. 


Эгерде Кемпирабаддын астындагы жер документ боюнча дагы эле биздики болсо, анда кыргыз тараптын жүйөлөрү кандай болууга тийиш? 


Биринчиден, СССР тарап жатканда кимдин аймагында кайсы объект болсо, ал ошол өлкөнүн менчиги болуп эсептелет деген принцип болгон. Ага мурдагы союздук республикалардын баары макул болушкан. Ошонун негизинде эле Кемпирабад суу сактагычын да, Орто-Токой суу сактагычын да өзүбүзгө толугу менен мыйзамдуу түрдө калтырып, мындан тышкары Ысык-Көлдөгү өзбекстандык пансионаттарды да, башка да көптөгөн мүлк объектилерин толук алышыбыз керек. Биздин жогото турган эч нерсебиз жок, коңшулардын аймагында мүлкүбүз жок же болсо да белгисиз. Алаарыбыз көп. Бул бир. 


Экинчиден, Кемпирабад суу сактагычы курулуп жатканда кыргыз тарап ошонун айынан көптөгөн жерлеринен ажыраган. Өзбек тарап өз милдеттерин аткарган эмес. Ошонун эсебин чыгарып, өзбек тараптын алдына коюп, үстүндөгү суу сактагычтын баасына эсептеп туруп алыш керек. 


Үчүнчүдөн, эгер астындагы жер документ боюнча дагы эле биздин баланста экени чын болсо, өзбек тарап ал өз акчасына салынганын айтып көнбөй атса, анда "суу сактагычыңарды кааласаңар көчүрүп кеткиле" деш керек. Көчүрүп кетсин, биз ал жердин асылдуулугун пайдаланып жер айдайбыз. Ошол эле карасуулуктар менен өзгөндүктөр кимиси болбосун сүйүнүп алганы турат. Бирок андай варианттын өзбек тарапка кереги деле жок. Анткени алардын аймагында мынчалык ыңгайлуу ойдуң жер жок, сала алышпайт. Ошондуктан кыргыз тараптын айтканына макул болушат. 


Кыскасы, Кемпирабаддын астындагы жер биздин менчигибизде болгону - бул баягы жомоктогу сыйкырчы досу ат болуп кубулуп, "мени сатсаң сат, асты жүгөнүмдү сатпа" деп бекем табыштагандай нерсе. 


Мунун дагы бир мааниси - Кемпирабад сыяктуу маанилүү объектилер колдон чыгып кетсе кийин тажик тарап менен сүйлөшүүдө алардын колуна көзүр карматкандай болобуз. Керексиз прецедент түзүлөт. "Башкаларга берсеңер болот, бизге эмнеге бербейсиңер?" деген маселе коюлат. Ага жооп айтыш да кыйын болуп калат. 


Сууга байланышкан объектилер - стратегиялык ресурс. Токтогул ГЭСинин аймагынан эски айылдардын пайдубалдары тартайып көрүнүп турат. "Мамлекетке алабыз-албайбыз" деп шарик ойноткон Кумтөрдү иштетиш үчүн мөңгүлөр азайып баратат. Энергетикалык жана агрардык кризис келатканы эч кимге деле жашыруун болбой калды. Мындай шартта сууга байланышкан объектилердин мааниси ого бетер артат. 


Ошондуктан бул маселеде "мен чечип келдим" дегенге караганда мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турууга тийиш. 


Жыргалбек Касаболот, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн