Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:14
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Чек ара боюнча кырдаалдын чыңалышына себепкер Улукбек Мариповду кызматтан алыш керек, - эксперт

29.04.2021 13:42
1156
Чек ара боюнча кырдаалдын чыңалышына себепкер Улукбек Мариповду кызматтан алыш керек, - эксперт

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кырдаалдын чыңалышына премьер-министр Улукбек Мариповдун күнөөсү бар, деп билдирди саясий илимдер боюнча эксперт Азамат Темиркулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.   


Ал белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасы боюнча азыркы абалдын мындан аркы өнүгүшү кандай болооруна эч ким так пргоноз бере албайт. Ситуация абдан коркунучтуу ахвалда. Ошондуктан ар кандай сценарийлер болушу мүмкүн. 


Биз эмне кылышыбыз керек? Биринчиден, бийлик тез арада элдин ишеничине кирип, жогорку бийликтин тегерегинде жүргөн коррупционерлерди жоготушу керек. Элим үчүн, жерим үчүн иштейм деген жаңы адамдарды алып келиши зарыл. Экинчиден, премьер-министр Улукбек Мариповду кызматтан алыш керек. Себеби, ал “Головной” каналы боюнча чоң ката кетирди - Жогорку Кеңештин трибунасына туруп алып, жоопкерчиликсиз сөздөрдү айтканы үчүн ушундай кырдаал жаралып атат”, - деп белгиледи эксперт.


Эске салсак, 17-апрелде да ушул эле Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдын айынан талаш чыккан. Анда суу бөлүштүрүүчү жайда ремонт иштерин жүргүзүү аракетине тажик тараптан 30дай адам тоскоолдук жаратып, иш токтогон.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан. Ал Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн