Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 10:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Чек ара боюнча кыргыз-тажик делегациясы Душанбеде протоколго кол койду

17.05.2021 16:43
1537
Чек ара боюнча кыргыз-тажик  делегациясы Душанбеде протоколго кол койду


Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 13-17-майына чейин Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн