Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:02
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Чек ара боюнча өзбек-кыргыз орток комиссиясы өз ишин баштаганча ички маселени, картаны тактоо керек, - Депутат

11.06.2020 10:42
1301
Чек ара боюнча өзбек-кыргыз орток комиссиясы өз ишин баштаганча ички маселени, картаны тактоо керек, - Депутат

 

Кадамжай районундагы чек ара маселеси боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын орток комиссиясы өз ишин баштаганча, кыргыз тарап ички маселесин тактап алуусу шарт. Мындай талап менен депутат Закир Шарапов Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-июндагы жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылды.

 

Анын айтусунда, ал Кадамжай районунун Бирлик айылына жана Айдаркен шаарында чек ара окуясынан жабыр тарткан жарандар менен жолугуп, Жогорку Кеңештин атынан моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп келген. Алардын бир гана суранычы чек ара маселесин чечүүнү тездетүү болгон. “Ошондуктан жумушчу топту тез арада ошол жерге жиберүү керек”, - деп билдирди депутат.


Ал Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, жумуш топ жерине барып, тез арада ички маселелерди тактоо иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Анткени 20-июнь күндөрү Өзбекстан менен Кыргызстандын орток комиссиясы өз ишин башташат. Ошого чейин кыргыз тараптын жумушчу тобу тиешелүү материалдарын тактап, буга чейинки карталарды таап алуу шарт.


Мындан тышкары депутат Айдаркен аймактык ооруканасында медициналык жабдуулар эскирген абалга жеткенин, 1960-жылы чыгарылган рентген аппаратын колдонуп жатканын, ал дагы жакшы иштебей калганын айтып, жаңы жабдуулар менен камсыздалышын суранып өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн