Бугу 22, 2024
Убакыт: 07:22
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгондо азыркыдай абал болмок эмес, - Азамат Темиркулов

29.04.2021 12:11
818
Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгондо азыркыдай абал болмок эмес, - Азамат Темиркулов

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара боюнча абал курчуп баратат. Бийликтеги жетекчилердин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп жатканы менен анын жыйынтыгы эч көрүнбөйт, деп билдирди саясий илимдер боюнча эксперт Азамат Темиркулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине.


Ал белгилегендей, буга чейинки сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгондо бүгүнкүдөй курч ахвал болбойт эле.


“Тажик эли өз бийлигине баш иет. Ошондуктан учурдагы болуп жаткан окуялар борбордогу бийликтен көз каранды. Алардан макулдук албаса андай болбойт эле. Бул жергиликтүү элдин деңгээлиндеги маселе эмес, тажик тараптын мамлекеттик саясаты болуп жатат деп ойлойм”, - деди Азамат Темиркулов.


Эске салсак, кечээ, 28-апрелде тажик тарап “Головной” тилкесинде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожаиаъло) аттуу жерден ок атылган. Уруш таш ыргытуу менен да коштолууда. Андан кыргыз жарандары да, тажик жарандары да жаркат алганы айтылууда. 





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн