Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек ара чыры: Булак талашында жаракат алган кыргызстандык каза болду

10.06.2020 16:24
1229
Чек ара чыры: Булак талашында жаракат алган кыргызстандык каза болду


Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасындагы чырда жаракат алган Кадамжай районун Чечме айылынны тургуну Айтбай Акынов каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги маркумдун жакындарына көрсөтмө берип маалымдады.


Маалыматак ылайык, 31-майда болгон чек ара чырынан кийин Айтбай Акынов Айдаркендеги ооруканага жаткырылган.


"Ал окуя болгон жерден унаасы менен кайтып кете албай калган. Аны ал жактан кечирээк алып чыгып, түз эле бейтапканага алып барган. Ооруканада ал инсульт алганын билдиришкен. Он күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Эс учуна келбей бүгүн каза болду”, - деген туугандары.


Маркум 49 жашта болгон жана анын артында 3 баласы калды.


Эске салсак, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чечме деген жерде булак талаштан чыр чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн