Кулжа 21, 2025
Убакыт: 20:35
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Чек ара чыры: Көк-Таш айылында тажиктер тарабынан кайрадан ок атылды

29.04.2021 08:47
1059
Чек ара чыры: Көк-Таш айылында тажиктер тарабынан кайрадан ок атылды

Баткен районунун Көк-Таш айылында кечээ башталган чыр таңкы убакта кайрадан башталды. Бул тууралуу 24.кг агенттигине жергиликтүү тургун билдирди.


Анын айтымында, эртең мененки саат 4төр чамасында кайрадан ок атылган. Көк-Таш айылынын администрациясынын имаратынын алдында чыр болууда.


"Эртең менен мектептин жанынан ок атылды. Ал жерде кыргыз-тажик куч органдары турат. Алар ок чыгарышкан. Бир топ тажик жарандары Ош-Исфана жолунан өткөн унааларга ок чыгарган. Буга байланыштуу унаалар азыр токтотулууда",- деп билдирген жергиликтүү тургун.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн