Мамлекеттик чек ара кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуевдин билдирүүсүнө жооп жасады. Тактап айтканда, парламент жыйынында депутат "Достук" өткөрмө пунктунда айрым чек арачылар коңшу өлкөнүн жарандарынан акча талап кылат деп айткан.
"Чек ара пункттарында иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы жазылган бейжиктери бар. Андан тышкары мыйзамсыз иш-аракеттер, укук бузуулар катталган учурда байланышуу үчүн УКМКнын жетекчилигинин, тиешелүү кызматтардын жана компетенттүү органдардын байланыш номерлери жазылган щиттер турат.
Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте чек ара пунктуна маалыматтык тур уюштурган. Анда чек арачылар тарабынан Өзбек жарандарынан акча талап кылуу маселеси каралган. "Достук" көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлери коңшу өлкөнүн жарандарынан акча талап кылганы такталган эмес. Чек ара кызматы депутат Алишер Козуевди далилдүү фактыларга гана шилтеме берүүгө чакырат. Эгер суроолор болсо эл өкүлү чек ара кызматына кайрылып, тиешелүү жоопторду ала алат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн