Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Чек ара кызматы Дахма аймагында ок атылбаганын билдирди

24.12.2021 08:57
481
Чек ара кызматы Дахма аймагында ок атылбаганын билдирди

Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 22-декабрынан 23-декабрына караган түнү Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Дахма жергесинде белгисиз адамдар аңчылык курал менен Тажикстандын жаранынын үйүнө эки ирет ок аткан. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.


КРнын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, жаш балдар ойногон жардыргычтардын (хлопушки) үнүнө окшош үндөр угулган. Бирок, жеринде тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында ок атуунун издери байкалган эмес.


Азыркы учурда кыргыз тараптын укук коргоо органдары кошумча териштирүү иштерин улантып жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн