Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт

24.07.2023 14:09
383
Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт


Күн мурун, 23-июлда социалдык тармакта тараган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген видеомаалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июлда Тажикстандын аймагында тажик тараптын "Плотина" чек ара постунда 2 жолу ок атылган.

Ошол эле күнү Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тажик тарап чек ара постунда мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алгандыгын маалымдаган. Жаракат алгандар болгон эмес.

Тараптар бардык көйгөйлүү тилкелерде мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун эрежелерин жана чыр-чатактуу жагдайларга алып келе турчу жалган маалыматтарды таркатпоо тууралуу чек арага канатташ аймактардын эли арасында түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын талкуулашты.

"КР УКМК Чек ара кызматынын чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөрү менен кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык тармакка чыгарып салган", - деп дилдиришти Чек ара кызматынан.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кандайдыр бир суроолор жарала турган болсо жарандар жакынкы чек ара тарамдарга кайрылып маалымат тактап же мыйзам чегинде маселелерди чечишсе болот.

Кыргызстандын Чек ара кызматы жарандарды жалган маалыматты таркатпоого чакырат.

Бүгүн, 24-июлга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн