Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек ара кызматы Самаркандек айылында тажик тарап унааларга таш ыргытты деген маалыматты төгүндөдү

17.12.2021 12:31
506
Чек ара кызматы Самаркандек айылында тажик тарап унааларга таш ыргытты деген маалыматты төгүндөдү

2021-жылдын 16-декабрында Самаркандек айылында Баткен – Лейлек унаа жолунда белгисиз адамдар тарабынан автоунаага таш ыргытылды деген маалымат (аудио) чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.


КР УКМКнын Чек ара кызматы аталган аудио жазууну текшерген. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, чек ара аймагында жашагандар менен тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган маалымат тастыкталган эмес. Андан тышкары, аталган жол тилкесинде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан кайрылуулар болгон эмес.


"Чыр-чатакты болтурбоо максатында кечээ, 16-декабрда, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун натыйжасында Эки-Таш аймагындагы Баткен – Лейлек автожолунун боюнда тараптардын чек ара күзөттөрү коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн