Бүгүн, 27-январда саат 21:45те Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен тажик чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахманали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө тажик тарап ок атууну токтотууну суранган. Тилекке каршы, 22:30га карата тажик тарап минометтер менен кыргыз тарапты бутага алып, ок атууну улантып жатат. Ок атышуу Кум-Базар, Чыр-Дөбө жана Эки-Таш аймагында болуп жатат.
Чек арадагы абал боюнча Согди жана Баткен облусунун башчылары сүйлөшүүдү алып барат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн