28-январь саат 00:20га карата кыргыз-тажик чек арасында ок атуу уланууда.
Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-январь саат 23:50дө ок атуу токтотулган. Ал учурда Баткен облусу жана Согди облусунун башчыларынын сүйлөшүүсү пландалган. Бирок тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгара баштаган.
Саат 00:20га карата Көчө-Бою жана Дахма аймагында ок атышуу уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн