Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 04:26
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Чек ара кызматы УКМКга кошулабы?

02.11.2020 13:35
630
Чек ара кызматы УКМКга кошулабы?


Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кошуш керек экенин билдирди. Бул тууралуу Жапаров Баткендеги иш сапарында айтты.

«Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген планыбыз бар», - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров чек арадагы маселелерди коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү жолу менен чечерин белгиледи.

2-ноябрда Садыр Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт. Ал Бакай айылына жакын Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолунун курулуш иштерин көрүп чыкты.

Учурда УКМКны Садыр Жапаровдун жакын досу болуп саналган экс-депутат Камчыбек Ташиев башкарып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн