Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек ара кызматы чек арадагы такталбаган жана жалган маалыматты таратпоого чакырат

Чек ара кызматы чек арадагы такталбаган жана жалган маалыматты таратпоого чакырат

КР Чек ара кызматы социалдык тармактардын колдонуучуларын жалган маалымат таратпоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.


       " Баткендеги абал боюнча маалымат таратууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз. Айрыкча аскерлер жана аскердик техникалардын жайгашкан жерлерин, алардын жылып жүрүүсүн чагылдырбоону өтүнөбүз.

        Учурда Чек ара кызматы жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана түзүлгөн кырдаалды тезирээк чечүү аракетин көрүүдө.

        Башка учурда болсо мейли, бирок ушундай оңой эмес кырдаалда айрым блогер, журналисттердин кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн дараметинен күмөн санаган (кыргыз аскерлеринин унааларында бензин жок калыптыр деген сыяктуу) пост, билдирүүлөрдү чыгарып жатканы өкүндүрөт. Анткени бул жалган жана чагымчыл маалымат.

        Кыргыз жоокерлери материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган. 

        Кыргыз тарапта тажик тараптын агрессиясына жараша жооп бергенге аскердик да, курал-жарак, техникалык да күчтөрү жетиштүү",- деп айтылат маалыматта.


        

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн