Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасына тартылып жаткан зым тууралуу түшүндүрмө берди

12.05.2022 09:34
1125
Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасына тартылып жаткан зым тууралуу түшүндүрмө берди

УКМКнын Чек ара кызматы Жогорку Кеңештин депутатынын “Өзбекстандын чек арачылары Баткен облусундагы кыргыз айылына зым тартып жатат” деп айтканына жооп берди.

Маалым болгондой, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери өзүнүн аймагына зым тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жасап жатышат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча макулдашууга ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Пылдырак жерлигиндеги Арпа-Сай айылына жакын участокто чек араны делимитациялоо процесси аяктаган.

"Макулдашуу 2017-жылдын 28-сентябрында Кыргызстандын парламенти тарабынан ратификацияланган. Бул — чек аранын такталган тилкеси. Азыркы учурда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери өзүнүн аймагына зым тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жасап жатышат", — деп айтылат маалыматта.


Өзбек тарап өз аймагын тосо тургандыгы боюнча чек арага жакын жайгашкан аймактын элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү жана жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн