Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди

11.02.2022 19:11
1531
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзүп башташкан. Ошол учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан.


"Мындан тышкары Тажикстандын жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин башташты. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды", - деп жазылат маалыматта.


Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрү тараптардын жергиликтүү бийликтери менен макулдашуу боюнча чек аранын бул тилкесиндеги бардык иштерди токтотууга макулдашышты.


Буга чейин социалдык тармакта Лейлек районундагы Максат айылында Кыргыз-Тажик чек арасына жергиликтүү тургундар чогулуп жатканын баяндаган видео тараган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн