Чек ара кызматы 26-сентябрда Лейлек районунун тургунунун тажик аскерлери тарабынан кармалышы боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, Чек ара кызматы кыргыз жаранынын кайтарып алуу боюнча бүгүн сүйлөшүү жүргүзөт.
"Жаштык айылынын тургуну Уразбек Мирзоев 26-сентябрда жубайы менен Тажикстандын Жигдели айылындагы туугандары менен жолугушуу үчүн автобуста бара жаткан учурда кармалган. Бул тууралуу анын жубайы Чек ара кызматына билдирген.
Бүгүн тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрөт",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн