Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Чек ара кызматы тажик тараптын тараткан маалыматын четке кагып, жалган маалымат таратпоого чакырды

15.03.2022 09:10
1325
Чек ара кызматы тажик тараптын тараткан маалыматын четке кагып, жалган маалымат таратпоого чакырды

Тажик маалымат агенттиктеринин сайттарында жарыяланган "сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз аскерлери тажиктердин Сомониён айылындагы турак жайды аткылашты" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.


"Кыргызстан менен Тажикстан биргелешип кайтарылган чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык аракеттерине карабастан, тажик маалымат каражаттары өздөрүнүн жалган билдирүүлөрү менен кайрадан эки өлкөнүн чек ара аймактарында кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылууда", - деп айтылат маалыматта.


КР УКМКНын Чек ара кызматы Тажикстандын ЖМКларын такталган маалыматтарды таратууга жана жана чек арадагы жаңы чек ара окуяларына катализатор боло турган жалган маалыматтар менен эки республиканын жарандарын адаштырбоого чакырат.


Ошондой эле КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерине жалган материалдарды көз жаздымда калтырбоого жана жалган маалымат тараткандарды жана мамлекеттик чек арадагы чыр-чатакка себепкер болгон башка деструктивдүү элементтерди жаратууга түрткү болгондорду жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн