Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек ара кызматы тажик жарандары чөптү чаап кетти деген жарандын билдирүүсүн четке какты

17.05.2022 08:42
1020
Чек ара кызматы тажик жарандары чөптү чаап кетти деген жарандын билдирүүсүн четке какты

КР Чек ара кызматы Лейлек районунун Ак-Арык айылында жергиликтүү тургун тарабынан тартылган видео материал боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, жергиликтүү тургун "тажик жарандары чөптү чаап кетти, чек арачылар чара көрбөйт" деген негизде маалымат тараткан.

Аталган видеодогу маалымат чындыкка толугу менен дал келбейт. Кыргыз-тажик чек арасы токтоосуз көзөмөлдө жана чек ара күнү-түнү заманбап жабдыктар менен көзөмөлгө алынууда.

Чек ара кызматы видеого тарткан жарандын өздүгүн тастыктап, андан видео боюнча сураганда эч кандай далил келтире алган эмес.


Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынан чек арадагы абалды курчутпоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн