Кулжа 22, 2025
Убакыт: 21:38
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Чек ара кызматкери киши өлтүрүүгө шектелүүдө

19.09.2021 11:10
691
Чек ара кызматкери киши өлтүрүүгө шектелүүдө

Чек ара кызматынын аскери адам өлтүрүүгө шектелип калмалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.


Билдирүүгө караганда, 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын четинен эркек кишинин сөөгү табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары УКМКнын Чек ара кызматынын эмгек өргүүсүндө жүргөн С.П. аттуу аскер кызматкери кармалды.


"Алдын ала маалыматтарга караганда, 17-сентябрь күнү аталган аскер кызматкери эки досу менен үлпөт тойдон кайтып келе жатып уруша кетишкен. Алгач достор кайым айтышып, кийин мушташканга чейин жеткен. Жыйынтыгында достордун бири көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 18-сентябрда, аскер кызматкери укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн